Назира Мамбетова менен Марина Фильман Россиядагы эл аралык фестивалда мыкты болушту

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРКыргызстандык эки актриса Екатеринбургда (Россия) өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду
Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда (Россия) өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Маданий иш-чара 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда (Россия) өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган шаарда заманбап драматургиянын "Коляда-Plays" эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталган. Анда КРдин эл артисти Назира Мамбетова аялдын мыкты ролу номинациясына татыган. Ал Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры менен барып Николай Коляданын "Экөө" (Старая зайчиха) пьесасында ойногон.
Ал эми Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрынын солисти Марина Фильман экинчи пландагы эң мыкты актриса аталган. Ал Николай Коляданын пьесасы боюнча "Баба Шанель" спектаклинде роль жараткан.
Эл аралык театр фестивалы 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өттү. Ага жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал драматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.
КРдин эл артисти, кинорежиссер Марат Сарулунун Миң кыял тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Кыргызстандык режиссердун киносу эл аралык фестивалга катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0