Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Күндөн коргоочу кремди кантип туура тандоо керек? Онкодерматологдун жообу

© Sputnik / Асел АкматОнкодерматолог Элнура Абылкасымова
Онкодерматолог Элнура Абылкасымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Онкодерматолог Элнура Абылкасымова туура күйүү эрежелерин тизмектеп берди.
Эс алуу маалында күнгө күйүү убактысы эки сааттан ашпашы керектигин Элнура Абылкасымова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Күндөн коргоочу кремди кантип туура тандоо керек? Онкодерматологдун жообу
Анын айтымында, алты фототиптен турган таблицадан адам өзүнүн түсүн аныктаганда гана күндөн коргоочу кремди туура тандай алат.
"Туура күйүү ден соолукка абдан маанилүү. Күн нуруна денени күйгүзүүнүн да өзүнүн эрежелери бар. Ал үчүн ар бир адам өзүнүн бетинин түсүн аныктап, кайсы фототипте экенин так билиши керек. Ошого жараша гана күндөн коргоочу крем ала алат. Ар бир адамдын өзүнүн фототиби болот. Алар алтыга бөлүнөт. 1-фототиптеги адамдар ак жуумал келет. 2-фототиптегилердин териси сарыраак, көздөрү көк же жашыл болот. 3-фототиптегилердин чачы, каштары күрөң болот. 4-фототиптегилер кавказдыктарга окшош келип, кой көз болушат. 5-фототиптегилердин чачы, көзү кара болот. Ал эми 6-фототиптегилерге африкалыктар мисал боло алат. Мына ушул алты фототиптен турган таблицадан адам өзүнүн түсүн аныктаганда гана күндөн коргоочу кремди туура тандай алат. Ошондой эле денени күнгө дароо чыгарбаш керек. Алгач 5 минута күйүп, кайра көлөкө жерге барып, денени акырындан көндүрүү зарыл. Күнгө күйүү убактысы эки сааттан ашпашы керек. Эки сааттан ашык күн алдында турганга болбойт", — деди Абылкасымова.
Ал, мындан сырткары, көпчүлүк күнгө чыкса эле "Д" витамини алынат деп туура эмес ойлоп алышарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0