Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Өзөктүк кырсыкты акыркы мүмкүнчүлүк катары карашабы? Киевдин бир аптасы бар...

© AFP / ANDREY BORODULINРоссиялык жоокери Энергодардагы Запорожье атомдук электр станциясынын аймагын күзөтүүдө. Архив
Россиялык жоокери Энергодардагы Запорожье атомдук электр станциясынын аймагын күзөтүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Соңку убакта украиналык маалымат каражаттары жана аларды колдогон Батыш медиамашинасы Запорожье атомдук электр станциясынын тегерегинде дүрбөлөң салып, коомчулукту Россия кырсыкты уюштурууга камынып жатканына ынандыруу далалатында.
Сергей Савчук
Киевдин версиясы боюнча, станциянын айланасына россиялык аскерлер ичине жардыргыч салынган жүк ташуучу машиналарды айдап келип, регионалдык масштабдагы “экинчи Чернобыль” жасоону көздөп жаткан имиш. Ках суу сактагычын жардыруу алдында да Киев катуу долуланганы эсиңиздедир. Бул жолкусу да ошону эле кайталап жаткандай.
Ошондо да русофобиялык пропаганда жапырт Москваны айыптап киришкен. Бирок “калптын казаны” кайнабайт болуп, тез эле бир жыл мурунку украиналык жана Батыштын макалалары ачыкка чыккан. Аларда Украина Куралдуу күчтөрү шлюздарга ракеталык сокку уруп, кайра учкучсуз кемелерине кое берүүгө машыкканы туурасында тамшана жазылган экен. Ал жазуулардын баары заматта өчүрүлгөнү менен жалпы маанайды өзгөртө алган жок.
Бүгүнкү күндө Украинанын Жогорку командачылыгы да Украина Куралдуу күчтөрүнүн катуу жарнамаланган контрчабуулу туңгуюкка тушукканын, жоокерлеринен ажырап, Батыштын наркы асман чапчыган техникаларынан кол жууп жатышканын моюнга алууда. Жоготуулардын ордун толуктоо үчүн төрт облуста жапырт мобилизация жарыяланды. Калк нааразы болуп чыкпашы жана батыш демөөрчүлөрү курал менен жабдууну токтотпошу үчүн каратып туруп ушундай ыплас аракет жасоого кайрадан белсеништи.
Ках ГЭСи жарылган учурда Россиянын көзөмөлүндө эле, ал эми анын жалгыз иштеген гидроагрегатын "Русгидро" адистери тейлеп жаткан. Запорожье атомдук электр станциясында реакторлордун баары муздак токтотуу режиминде, аларды "Росатомдун" адистери тейлөөдө.
Суу сактагыч Крымга үзгүлтүксүз суу берип, россиялык жаңы аймактарда түшүм жакшы болоруна кепилдик берип турган. Анткен менен днепрдик суу аталган атомдук электр станциясынын иштеши үчүн маанилүү, ал салкындаткыч катары колдонулат. Плотина жардырылды, бирок агымдын тайыздаганы Украина Куралдуу күчтөрүнө фронтто эч кандай жемишин берген жок. Анан да кокустан эле Вильнюста НАТОнун кезектеги саммити белгиленип, анда президент Зеленский Европаны өзөктүк кырсык менен чочулатып, жаңы танк менен учактарды сураары турулуу иш.
ГЭС жардырылгандагыдай эле Запорожье атомдук электр станциясы жардырылса да Россияга эле күч келет, ал эми Украина тарап радиоактивдүү жабыркоону шылтоолоо менен тынчтык орнотуучу эл аралык контингенттин кириши үчүн аймактан россиялык күчтөрдүн тезинен чыгып кетишин талап кылат.
Новосибирск облусундагы Обь дарыясында кайык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Сибирь дайраларын Борбор Азияга буруп суу тартыштыгын жоюу. Демилге канчалык орундуу?
Эгер андай коркунучту болжой алсак, анда кооптуулук чындап эле бар экенин белгилөөгө болот. Реакторлордун өздөрүн украиналык тарап талкалай албайт, себеби энергетикалык блокту тешип кетүүчү тийиштүү кубаттуулуктагы сокку уруучу куралдары жок.
Атомдук электр станциясынын советтик ГОСТу (азыркы Россияда ал стандарттар пайдаланылат) имараттын чокусуна жүргүнчү авиалайнер барып такалып калса да реактор бүтүн бойдон каларын кепилдейт. Иштетилген өзөктүк отун куюлган контейнерлер сакталган бассейн жөнүндө да кооптонуунун кажети жок. Запорожье атомдук электр станциясынын ичине гермозоналар жайгашып, тышкы таасирлерден бекем корголгон. Бирок андай коопсуздук чаралары тынч убакка эсептелген, ошондуктан аяр жерлери бар.
Эң негизгиси — днепрдик суу. ВВЭР-1000 реакторлорунда суу туюк цикл менен колдонулса да, мезгил-мезгили менен ал баары бир алмашууга тийиш. Эгер Украина советтик "Точка-У" же Батыштын Storm Shadow ракеталары менен сокку уруп, салкындаткыч дамбаны талкалай турган болсо, ал болжоп болгус кесепеттерге кептеши ыктымал.
Аны улантып, кийинкисинде салкында турган реактор жарууга мүмкүн эмес, бирок активдүү зонада суу тартыштыгы жаралса аптабы жогорулай баштайт. Андайда АЭСке болгон ошол эле советтик мамлекеттик стандарттарга ылайык кеминде эле суунун үч булагы болушу шарт. Запорожье атомчулары россиялык аскердик инженерлердин жардамы менен арашан булактардан резервди камсыздап берерине үмүт бар.
Станциянын кыйла аяр бөлүгү – ачык асман алдында жайгашкан иштелип чыккан өзөктүк отунду (ОЯТ, Spent nuclear fuel) сактоочу жай. Транспорттук контейнерлер, албетте, бир топ бышык, бирок алар түз ракеталык соккуга канчалык туруштук бере алар-албасы орчундуу маселе.
Иши токтоп турган станцияга ким чагым жасоого камынып жатканын аңдоо үчүн бир фактыны кошумчалай кетели, Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Валерий Залужный капыстан эле Ровен АЭСине барды. Жарыяланган тасманы талдасак, ал көбүнесе реакторлордун коргоо тутумуна, эгер жарылса, канчалык жерди жабыркатарына кызыкканына күбө болобуз.
Батыштын ыкчам медиа айдыңындагы атайын жасалган дүрбөлөңгө France 24 телеканалына маек берген МАГАТЭ башчысы чекит койгондой болду. Рафаэль Гросси Запорожье атомдук электр станциясында дайым көз салган комиссия жардыргыч зат ташыган унааны же жардырууга кандайдыр камылганы байкабаганын билдирди.
Батыш ошончолук пастыкка барбас, Украинада согуш отун тутанткандар Киевди уюштурулган жаңы Чернобылга түртпөс деген гана үмүттөбүз.
Түндүк агым — 2 жардыруусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Газ түтүгүндөгү жардыруунун чоо-жайы ачыкталды. Кыңыр иш 40 жыл күтпөйт...
Жаңылыктар түрмөгү
0