Стамбулда 10 күндөн бери изделип жаткан кыргызстандык кыз табылды

© AP Photo / Lefteris PitarakisСтамбулдагы Түркиянын мамлекеттик желеги. Архив
Стамбулдагы Түркиянын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Укук коргоо органдарына маалымат 24-июнь күнү түшкөн.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Стамбулда издөөгө алынган Ж.Ш.Б. аттуу кыргызстандык кыз табылганын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Эскерте кетсек, 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованын дайынсыз болуп жатканын апасы билдирген. 24-июнь күнү ал консулдукка байланышка чыгып, кызын таппай жатканын айткан. Аялдын айтымында, кызы Стамбул аркылуу транзит менен Болгарияга бармак, ал жерден автобус менен Варна шаарына кетүүнү пландаган.
ИИМ издөө иштерине ички иштер министри Улан Ниязбеков, Түркия министринин орун басары Мехмет Акташ жана Кыргызстан ИИМинин аталган өлкөдөгү өкүлчүлүгү кийлигишип, натыйжада 5-июль күнү Жазгүл Шамуратова табылганын билдирди.
Азыркы учурда Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Жол кырсыгына кабылган унаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Маевка — Бишкек жолунда жеңил машина кырсыктап, үч өспүрүм каза тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0