Дарыгер диета менен спорт кээ бир учурда ашыкча салмактан арылтпай турганын айтты

© Фото / Pexels / Julia LarsonАшыкча салмак менен аял спорт менен машыккан учурда. Иллюстративдик сүрөт
Ашыкча салмак менен аял спорт менен машыккан учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
Семирүүдөн толук арылуу үчүн бир нече дарыгер менен иштөө керек.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Диета менен спорт ашыкча салмак менен жабыркаган адамдарга жетишерлик натыйжа бербейт. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, бариатролог-хирург Владимир Самойлов Известия басылмасындагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул оору менен жабыркагандардын дээрлик 90 пайызы диета жана спорттун күчү менен арыктаганына карабастан, кайрадан семирип кетет.
"Анткени семирүү — бул башкарууга кыйын болгон оору. Тилекке каршы, мындай абалды жалгыз эрк менен оңдоого болбойт", — деген Самойлов.
Метаболизмдин жана ашказандын анатомиясынын өзгөргөнүнө байланыштуу дайыма ачка болуу сезими күчөйт. Ал эми диета учурунда организм "ачка калуудан коркуп", ашыкча май топтой баштайт.
"Бул адамдын арыктоосуна жол бербеген туюк айлампа", — деген адис.
Самойлов ашыкча салмактан толугу менен арылуу үчүн адистердин тобу: психолог, диетолог, эндокринолог жана бариатриялык хирург менен иштөө керектигин айткан. Ал ошондой эле семирүүнү, ашыкча салмакты көңүл сыртында калтырбоого чакырат. Анткени бул көрүнүштөр адамды кант диабети, жүрөк жана муун ооруларына кептейт.
Дарыгер менен сүйлөшүп жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Дарыгер: тез арыктоо боор циррозуна кептеши ыктымал
Жаңылыктар түрмөгү
0