Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын аскердик операция: россиялык күчтөр фронттун төрт тилкесине чабуул коюуда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскер. Архив
Россиялык аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" бардык багытта аксап турганына эки ай болду. Батыш кол куурчагына айлантып алган украиналык армиянын кыйрашына, натолук стандарттагы аскердик техниканын талкаланышына кооптонуу менен көз салууда.
Ушул жагдайларды белгилеген Sputnik агенттигинин аскердик баяндамачысы Александр Хроленко бул сапар да Украинадагы кырдаал жана россиялык күчтөрдүн арышы туурасында кеп салат.
Атайын аскердик операция зонасында РФтин Куралдуу күчтөрү ок атуу, тактикалык жана стратегиялык жактан артыкчылыкка ээ болуп, миң чакырымдык фронттун төрт тилкесинде чабуул жасоодо. Салгылашуу менен россиялык күчтөр Авдеевка, Марьинка, Лиман жана Сватово райондорунда алдыга жылып баратат. Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү орундарын таштап, Орехов тилкесине карай качууда.
3-июлдагы Запорожье багытындагы россиялык контрчабуулдун натыйжасында Украина Куралдуу күчтөрүнүн жүздөгөн ок өткөрбөс техникасы жок кылынып, территориялар бошотулуп, коргонуунун алдыңкы тилкесине "Земледелие" жогорку технологиялык системалары менен аралыктан кайрадан мина коюлду.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы бөлүктөрүнүн командачысы Александр Сырский Бахмут/Артемовскинин четиндеги оор кырдаал жана Часов Яр тарабында россиялык коркунуч туурасында кабарлады.
5-июлга караган түнү Украина Куралдуу күчтөрүнүн Днепропетров, Сума жана Харьков облустарындагы арсеналдары жана аскердик бөлүктөрү жайгашкан пункттары ыраак аралыктан жабыркатуучу курал менен жок кылынды. Россиялык артиллерия Балаклеянын четиндеги душманды катуу талкалоодо.
Фронттун бардык тилкелеринде украиналык күчтөрдүн жоготуулары оголе арбын, атап айтканда, 4-июндан бери 15 миңге чейин аскеринен ажырап, 2500 курал бирдиги, анын ичинде 15 учак, үч тик учак, ок өткөрбөс 920 техника бирдиги, анын ичинде 16 Leopard танкынан (тартууланган 54 бирдиктен) кол жууду. Украиналык командачылыктын "18-июнга чейин Мелитополду курчоо" пландары ишке ашкан жок.
Киевдегилер натолук куралдын саны да, сапаты да жетишерлик эмес экенине кейип жатышат. Батыштагылар украиналык жоокерлердин даярдыгы начардыгын, деми кайтып калганын айтышат. НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы Роб Бауэр Украина Куралдуу күчтөрүнүн утулуп жатканын россиялык армиянын инженердик курулуштарынын өзгөчө татаалдыгы, 30 чакырымга чейинки тереңдиктеги коргонуу позициялары бар экени менен түшүндүрөт. Бирок чындыгында Украина Куралдуу күчтөрүнүн талкаланышы жана НАТОнун жеңилишин россиялык күчтөрдүн аталган согуштук аракеттер театрындагы артыкчылыгы, чабуулдук аракеттери, сокку уруучу куралдары камсыздоодо.
Батыштын баамында ашкере макталган натолук танк жана пехота унаалары "маанилүү территорияларды" кайтарып бериши керек эле. Анткен менен украиналык чабуулдун алгачкы отуз суткасы эле Батыштын шаабайын суутуп койду. Бирок АКШ жана анын союздаштары Россияны чабалдатуудан дале үмүт үзө албай, Украинадан согуш талаасындагы ийгиликтерди талап кылууда.
Артиллериялык куралдан ок атып жаткан Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операциянын жүрүшүнөн: россиялык артиллериянын артыкчылыгы
НАТО өндүрүшүндөгү катуу талкаланган техника бул майданда жеңиш алып келе албасы айдан ачык. Россиялык атайын аскердик операцияда Украина Куралдуу күчтөрүнүн баш-аягы 690 учак жана тик учагы, 10530дан ашуун танк жана ок өткөрбөс унаасы, 5340 артиллериялык куралы жана 1130 залптык октун реактивдүү тутуму, 426 зениттик ракеталык комплекси жок кылынды. Эсиңиздерде болсо ал куралдардын бир даары да киевдик режимдин батыштык демөөрчүлөрү тарабынан дүйнөнүн булуң-бурчунан чогултулган.
НАТОнун жана АКШнын "желдеттеринин" арсеналдар кампасы кыйла бошой түштү. Ал түгүл америкалык аскер өнөр жай комплекси да Россия менен прокси-согуштун жүгүн тарта албай калды. Эгер Украинаны ок-дары, курал-жарак менен жабдуу токтой турган болсо, атайын аскердик операция да бир нече күндө аяктаары ырас. Бирок Батыш жеңилгенин моюндабай, дале үмүт артат.
Европа биримдиги жана НАТО кыйратуучу курал менен жабдууга болгон күчүн жумшоодо. Германия 2023-жылы Украинаны аскердик колдоого 5,4 млрд евро бөлүп, жакын арада анын Куралдуу күчтөрүнө эски Leopard 1A5 танктарынан кезектеги партиясын жеткирүүгө убада берген. Бирок бундесвердин бул үлгүдөгү 300 танкынын 130у гана согушка жарайт.
Америка 20 жыл мурун токтотулган "Стингер" көчмө зениттик ракеталык комплексинин өндүрүшүн жандандыруу үчүн өз пенсионерлерин кайра ишке чакырууда. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн штаб жетекчилер комитетинин башчысы Марк Милли Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу "аябай оор, абдан узак жана өтө кандуу болорун" билдирди.
Украиналык президент Владимир Зеленский өлкөнүн акыркы резервдерин алды-артын ойлобостон, акыл калчабастан отко салууда. Ошол эле учурда Россиянын аскердик күчү өрчүп, атайын аскердик операция зонасында улам жаңы учак, танк, артиллериялык тутумдары, зениттик ракеталык комплекстери, ракета, дүрмөттөрү, ошондой эле натолук стандарттагы HIMARS реактивдүү снаряддарын, JDAM авиабомбаларын жана башка "акылдуу" куралдарынын мизин кайтаруучу радиоэлектрондук күрөш системалары пайда болууда.
Америкалык Military Watch журналы россиялык куралдын, айрыкча "Искандер" жана "Ланцеттердин" жогорку майнаптуулугун белгилейт. Чынында алар Батыш үчүн да ачылыш болду. Ошондой эле жогору ынанымдуулук жана россиялык динамикалык коргонууну танктар да тастыктады. Алар бир нече дүрмөт же ракета тийсе да, туруштук бере алат. Россиянын өзүнчө бир "олимпиадалык" жетишкендиги – душман жеңе алгыс жогорку технологиялык мина тосмолору.
Батышта да согуш мунарыгы акырындап тарап бараткандай. Франция армиясынын мурдагы командачысы Жан Бернар Пинатель генералдык мүнөзү менен украиналык контрчабуулунан майнап чыкпай турганы башынан белгилүү болгонун так кесе айтты. "Биз өзөктүк держава менен жарытарлык техникасы жана аскердик потенциалы жок өлкөнүн тирешине көз салып турабыз… Украинанын эң аяр тарабы – эли, тагыраагы, анын азайып баратышы, мыкты жоокерлер эбак шейит кеткен", — деди ал.
Генерал Россиянын абадагы жана жер бетиндеги абсолюттук артыкчылыгы Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргоо жана чабуулда чоң жоготууга дуушар болорун аныктап коёт. Мындан тышкары, франциялык эксперт: "Европага россиялык газсыз кыйын... Континент газ каатчылыгына чейин 200 млрд куб метр россиялык көгүлтүр отту керектеп келген. Түндүк Америка болгону 2 млрд куб менен гана жабдыган. Европалыктар өзүн багып келген колго тиш салды... Россия, тескерисинче, экономикалык жактан гүлдөп, өнүгүүдө. Анткени сырьё болобу, эгин же кубаттуулук болобу, бардык багытта калган дүйнөдөн көз карандысыз", — деди.
Украиналык армиянын азыркы абалынан улам АКШ менен НАТОдо кооптонуу күч алууда. Киевдик режимди аскердик колдоо жагы да аксап калышы ыктымал, себеби CNN телеканалы: "Украинанын аскердик аракеттерин колдогон өлкөлөрдүн көбү жогорку инфляция, пайыздык чендин өсүшү жана чабал экономикалык өнүгүү көйгөйлөрүнө тушугууда. Тургундар баарын үнөмдөөгө аргасыз", — деп маалымдады. Кыязы, Батыш үчүн бул да эч нерсе эмес, кыйын күндөр али алдыда көрүнөт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Минаны зыянсыздандыруучу УР-77 реактивдүү түзүлүшү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мина тосмолорунан өтүү. Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн баян
Жаңылыктар түрмөгү
0