ИИМ Улан Жапаровду кармады. Анын президентке тууган экени айтылууда

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүКишенделген жаран. Архив
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
Бишкектин Биринчи май райондук соту Ж. У. Р. аттуу жаран кармалып, ага 26-июлга чейин камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулганын кабарлаган.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Улан Жапаров аттуу жаран коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бир катар ЖМКлар ал президенттин тууганы — атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу экенин жазууда.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Ж. У. Р. аттуу жаран кармалып, ага 26-июлга чейин камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулганын айтты. Инициалдар Жапаров Улан Ракымжановичтин ысымына туура келип жатат. ИИМдин маалымат кызматы анын президент Садыр Жапаровго тууганчылыгы бар-жогун айта албастыгын билдирди.
32 жаштагы Улан Жапаров ачык булактардагы маалымат боюнча Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Садыр Жапаров бир тууганынын алтын куйма кармап түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0