Президенттин тууганы Улан Жапаров кайсы кылмышка шектелип кармалганы айтылды

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы экени расмий тастыкталды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбековдун айтымында, ал Садыр Жапаровдун атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевГлава СИП администрации президента встретился с и.о. помощника Госсекретаря США
Глава СИП администрации президента встретился с и.о. помощника Госсекретаря США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023

"Улан Жапаров ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип, ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды. Президент кимде-ким мыйзам бузса жакыны экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт. Ошондой эле президенттин, анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз", — деп жазды Орунбеков.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчы бул тууралуу угары менен шектүүлөргө карата бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү талап кылганын билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПресс-секретарь президента КР Садыра Жапарова Эрбол Султанбаев
Пресс-секретарь президента КР Садыра Жапарова Эрбол Султанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
“Бул окуя коррупция менен күрөш тандалма болбой турганын дагы бир ирет айгинелеп жатат. Эгер бул иш коррупция менен байланыштуу болсо, милдеттүү түрдө зыяндын ордун толтурат. Бул мамлекет башчынын талабы”, — деди Султанбаев.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июлга чейин камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулганын билдирди. Ачык булактардагы маалымат боюнча, 32 жаштагы Улан Жапаров Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Садыр Жапаров бир тууганынын алтын куйма кармап түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0