Жалал-Абадда базар ээлерин опузалаган деп кылмыштуу топтун мүчөсү Чач кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын кызматтын машыгуулары. Архив
Атайын кызматтын машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде Чач каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахметов кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал ИИМдин "АБД-ТОР" каттоосунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турганы айтылды. Ошондой эле мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы үчүн "смотрящий" деп аталганы белгиленди.
Чач күч колдонуп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы базар ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган.
"Кармоо учурунда кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жанынан 10 граммга жакын гашиш табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда М.Э.М. баңгизатын колдонгону боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, анын чегип алганы аныкталды. Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат Эрнис Мурзахметовдун кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо Жалал-Абад облустук башкармалыктын нөөмөт кызматына (03722) 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну өтүндү.
Ош шаарында акча опузалады деген шек менен эки жаран спорт залда машыгып жаткан жеринен кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
УКМК Ошто акча опузалады деп эки кишини кармады. Спортзалдан тартылган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0