Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Эрдоган Украина НАТОго мүчө болуп кирүүгө татыктуу деп эсептейт

© AFP / OZAN KOSEТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен Стамбулда жолугушуу учурунда
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен Стамбулда жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2023
Жазылуу
Түркиянын лидери эки өлкөнүн ортосунда тынчтыкты орнотууга бардык күч аракетин жумшай турганын билдирди.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен Стамбулда өткөн сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал тынчтыкка жетишилгенден кийин Россия менен Украинанын ортосунда жеңилген тарап болбой турганын белгиледи.
"Биз азыркы пикир келишпестиктерге карабай эки тарап тең тынчтыкта жашоого кайтышын чын дилибизден каалайбыз", — деди Эрдоган.
Анын айтымында, Украина НАТОго мүчө болуп кирүүгө татыктуу, ал эми Түркия жаңжалды сүйлөшүү жолу менен токтотууга болгон күчүн жумшайт. Ошондой эле Эрдоган августта Россиянын президенти иш сапары менен Анкарага келе турганын айткан.
"Жакынкы айда Путин мырза Түркияга иш сапары менен келет. Анда дагы бетме-бет отуруп туткундагы аскерлерди алмашуу маселесин талкуулайбыз", — деди Түркиянын лидери.
Мындан сырткары, ал россиялык кесиптеши менен дан келишими боюнча телефон аркылуу да, бетме-бет көрүшүп да сүйлөшүүгө ишеним артып турганын билдирген.
АКШнын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден жаңжал бүткөнчө Украина НАТОго кирсе кесепети кандай болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0