Кыргызстанда кызамыкка чалдыккан балдардын 81%ы эмдөөдөн өткөн эмес. Статистика

© Depositphotos.com / RfphotoКызамык менен ооруган бала. Иллюстративдик сурөт
Кызамык менен ооруган бала. Иллюстративдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2023
Жазылуу
Бул ооруну дарылоонун атайын жолу жок, бирок аны эмдөө менен алдын алууга болот.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооруган 1001 бала катталып, алардын 81 пайызы эмдөөдөн өтпөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, вакцина албаган балдардын:
33 пайызы — эмдөөдөн баш тарткандар;
29 пайызы — жашы жетпеген ымыркайлар (6 жана 8 ай);
8 пайызы — ден соолугуна байланыштуу дарыгердин каршы көрсөтмөсү барлар;
1,3 пайызы — миграциялык шарттарга байланыштуу;
10 пайызы — белгисиз себептерден улам эмдөөдөн өтпөгөндөр.
Министрлик кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, бирок аны эмдөө менен гана алдын алууга мүмкүн экенин эскертет.
"Эмдөө — балдардын жана коомдун ден соолугун инфекциялардан коргоодо маанилүү кадам. Андыктан бардык кыргызстандыктарды өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алууда жардам берүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле профилактикалык календарь боюнча балдар кызамыкка каршы 1 жана 6 жашында эмдөөдөн өтүшү керектиги айтылды.
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Министрлик: кызамыктын жайылышына эмдөөдөн баш тартуу себеп болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0