Камчыбек Ташиев баланы энесинин атына каттатууга каршы экенин билдирди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2023
Жазылуу
Буга чейин мамкатчы менен муфтият дагы каршылыгын билдиришкен.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баланы энесинин атына каттоого каршы экендигин билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Матчествого" жол жок. Аны ким кабыл алган болсо, өзү жокко чыгарсын! Бул менин жарандык позициям", — деди Ташиев.
Буга чейин Кыргызстанда бул маселенин айланасында ызы-чуу чыккан. 2-июлда кыргызстандык активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул маселе боюнча ал көптөн бери соттошуп келе жаткан, активисттин арызын Жогорку Сот үстүбүздөгү жылдын февралында кароо үчүн кабыл алган.
"Эми жашы жеткен бардык балдар апасынын атына катталса болот. Менин 16 жаштагы уулум — Капалов Данияр Алтыновичти куттуктайм. Ал жакында паспорт алып, атасынын ысымынын ордуна менин атымды жаздыра алат", — деп кабарлаган Капалова.
Ошол эле учурда социалдык тармакта балага энесинин атын берүүнү туура көрбөй, сын-пикирлерин жазгандар арбын болууда. Бул улуттук каада-салттарга каршы келерин билдирип жатышат. Ошондой эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен муфтият да баланы энесинин атына каттоого каршы экендигин билдирген.
Конституциялык сот. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Баланы энесинин атына каттоо боюнча Конституциялык соттун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0