Бишкекте 10-июль күнү жарык өчө турган аймактар тизмектелди

© AFP / YURI CORTEZЖарык өчүрүү. Архив
Жарык өчүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Жазылуу
"Бишкек электр тармагы" ишканасынын бригадалары бул күнү оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 10-июлда, борбор калаанын айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармагы" ишканасы кабарлады.
Уюмдун бригадалары бул күнү оңдоо иштерин жүргүзөт.
Жарык өчө турган жерлер:
9:30дан 12:00гө чейин — Исакеев, Валиханов көчөлөрүндө жана Кара-Жыгач конушунда;
9:30дан 15:00гө чейин — Жибек Жолу проспектисинин, Осмонкул, Тургенев, Древесная жана Кирпичная көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
9:30дан 18:00гө чейин — Байтик Баатыр, Ахунбаев, Элебаев, Широкая, Новосельская жана Керамическая көчөлөрүнүн кесилишинде;
9:00дөн 13:00гө чейин — Манас, Дэн Сяопин проспектисинин, Рыскулов, Стаханов, Карульский көчөсү менен Карульский кууш көчөсүнүн кесилиштеринде;
9:00дөн 17:00гө чейин — Ч. Айтматов проспектисиндеги №41 үйдө, 8-кичи райондогу №9 үйдө, Матыев, Абдыкадыров, Красная, Островский, Тайшетская, Шмидт, Леваневский, Төмөнкү Ала-Арчадагы Коллекторная көчөлөрүнүн кесилишинде, Арча-Бешик (Дабан, Азамат, Береке, Улар көчөлөрүндө), Ак-Босого (Профессор Зима, Чүй-56) жана Көлмө (Мурас, Мыскал) конушунда.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Быйыл да Токтогулда суу аз. Өкмөт азыртан электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0