Кыргызстан боюнча 15-июлга чейинки аба ырайынын божомолу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Жазылуу
Алдыдагы аптада борбор калаада күн ачык болуп, абанын температурасы 39 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет 15-июлга чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жуманын башында айрым региондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми Бишкекте 9-июлда өткүн өтүп, калган күндөрү күн ачык болору күтүлүүдө.

Чүй жана Талас облустары

9-10-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. 11-15-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

9-10-июлда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Аптанын калган күндөрү күн ачык болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

9-12-июль күндөрү түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. 13-14-июлда күн ачык болот. Ал эми 15-июлда күндүз кайрадан айрым жерлерде өткүн өтөт.
Аял бала менен паркта балмуздак жеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июлга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0