Кыргызстандык дзюдочулар Венгриядагы беделдүү турнирге катышат

© Sputnik / Александр КондратюкДзюдочулар
Дзюдочулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Жазылуу
Дзюдо федерациясы Masters турнирине дүйнө боюнча 36 гана спортчу катыша аларын белгиледи.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Венгриядагы ири турнирге барат. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Masters аттуу турнир 4-августтан 6-августка чейин Будапешт шаарында өтөт.
"Аталган турнир — эң абройлуу мелдештердин бири, ага эң күчтүү 36 дзюдочу гана катыша алат. Биздин спортчулар ушул санга киргени менен сыймыктанабыз!" — деп билдирди федерация.
Турнирге үч гана спортчу: Кубанычбек Айбек уулу (66 кг), Асад Масабиров (81 кг), Эрлан Шеров (90 кг) катышат. Дзюдочуларды башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов коштоп барат.
Жөө күлүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Кыргызстандык жөө күлүктөр Таиландда өтө турган Азия чемпионатына катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0