Колу-буту байланып ЧЧКга ыргытылган 20 жаштагы баланын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРКолу-буту байланып ЧЧКга ыргытылган 20 жаштагы баланын сөөгү табылды
Колу-буту байланып ЧЧКга ыргытылган 20 жаштагы баланын сөөгү табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Жазылуу
К.М. аттуу бала беш күндөн бери изделип жаткан.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. ӨКМдин кызматкерлери колу-буту байланып Чоң Чүй каналына ыргытылган 20 жаштагы баланын сөөгүн табышты.
Маалыматка караганда, издөө иштери 5-июлдан тарта башталган. Ага 49 куткаруучу тартылган. Баланын сөөгү Чүй облусундагы Алга жана Кошой айылдарынын ортосунан табылды.
Эске салсак, 4-июлда Токмок шаардык ИИБге 35 жаштагы М.К. кайрылган. Ал 4-июль күнү кечинде анын 20 жаштагы К.М. аттуу иниси №3 кичи райондогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин кабарлаган. Факт боюнча "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголгон. Тартип сакчылар кылмышка шектүү үч адамды колго түшүргөн.
Алдын ала маалымат боюнча, ортодо чыккан чырдан улам шектүүлөр жигиттин үйүнө келип, аны сыртка чакырып алып сабашкан. Андан соң машинага салып келип, колун байлап туруп Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкен.
ӨКМ кызматкери издөө иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Караколдо жоголгон эже-сиңди бөбөктөрдүн сөөгү суудан табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0