Таш-Көмүрдө жаңы төшөлгөн асфальт упуранып калды. 29 млн. сом кымырылган

© AFP / FREDERIC J. BROWNАсфальт жол. Архив
Асфальт жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Жазылуу
Шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Таш-Көмүр — Кызыл-Жар-12 унаажолуна асфальт төшөөдө "Кыргыз автожол" ишканасынын кызматкерлери 29 миллион сом кымырып алганы аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы аталган жолго быйыл жаңыдан төшөлгөн асфальттын сапаттуулугун текшерген. Анын жайынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын №38-жол тейлөө мекемеси жол куруу ченемдерин жана эрежелерин одоно түрдө бузганы тастыкталган.
"Асфальт бетон катмарынын тыгыздык коэффициенти сакталган эмес, ал эми калыңдыгы нормадагыдан жука төшөлгөн. Ага карабастан сапатсыз салынган жолду Жол-транспорт департаментинин кызмат адамдары акт менен кабыл алышкандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке 29 миллион 104 миң 829 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 273-беренеси ("Сапаты начар курулуш") менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.
Оңдолуп жаткан жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Прокуратура: Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоодо 189 млн. сом "желген"
Жаңылыктар түрмөгү
0