Жапаров Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Жазылуу
Жапаров Мирзиёевге бекем ден соолук жана алдыга койгон максаттарын ишке ашырууда ийгилик, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
"Урматтуу Шавкат Миромонович, сиздин президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин Өзбекстан элиндеги бийик кадыр-баркыңыздын, республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык жана көрөгөч саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили. Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү боюнча мыкты идеяларды жана принциптерди ишке ашырууну көздөгөн кадамдар эл аралык аренада Өзбекстандын аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп терең ишенем", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле Өзбекстан менен ишенимдүү жана ынак коңшулук мамилени чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын башкы артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
"Кыргыз-өзбек мамилесинде эки тараптуу кызматташтыктын дээрлик бардык багыттарында болуп көрбөгөндөй жакшы өзгөрүүлөр болду. Маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди. Сиз эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин чыңдалышына олуттуу салым кошууну улантып жатасыз. Биз биргелешкен аракеттер менен көп пландуу кызматташтыкты мындан ары да арттырабыз деген бекем ишенимимди билдирем", — деди ал.
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге бекем ден соолук жана алдыга койгон максаттарын ишке ашырууда ийгилик, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо кечээ, 9-июлда, өткөн. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын дээрлик 80 пайызы катышканы белгиленди. Алдын ала жыйынтык боюнча, учурдагы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев алдыда бара жатат.
Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо учурунда Шавкат Мирзиёевдин портрети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Мирзиёев жеңип чыкты. Алдын ала жыйынтык
Жаңылыктар түрмөгү
0