Бишкектин бир бөлүгү 12-июлда жарыксыз калат. График

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭлектр щиттин жанында электрик. Архив
Электр щиттин жанында электрик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
Адистер бул күнү жабдууларды оңдоп, бактарды буташат.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Борбор калаанын кээ бир райондору 12-июлда жарыксыз калат. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00-12:00 — Тимур Фрунзе, Циолковский, Гагарин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Өргө конушундагы Ашар көчөсүндө;
9:00-15:00 — Васильев, Исанов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Самарский, Ананьево тар көчөлөрүндө;
9:00-17:00 — 5-кичи райондогу №1/1 үйдө, Лесхоз айылында, Озерное (Зеленая, Фрунзе, Молодежная, Аул, Школьная, Заводская, Шоссейная, Новая, Аламүдүн районундагы №33 үйдө) айлында, Маевка (Лесхозная көчөсүндө), Салкын, Теңдик (Тынчтык, Рахат, Кыял, Аян, Восточная, Иман, Манас, Ниет, Западная көчөлөрү) конуштарында, Мраморное (№465 контур) айылында;
9:00-19:00 — Павлов, Рыскулов, Пушкин, Кулиев, Чүй, Сыдыков, Чымкент көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:30-17:00 — Рассвет ("КырКазГаз" ЖЧК, Школьная көчөсү) айылында, Төмөнкү Ала-Арча жана Мраморное айылдарында, Ак-Чий, Спутник, Теңдик (Новая, Сары Булак, Юбилейная, Теңдик, Октябрдын 70 жылдыгы, Борбордук МТФ, Березовая, Кольцевая, Урожайная, Молодежная, Целинная, Манас, Эркиндик, №299 контур, Жетиген, Ынтымак, Южная, Северная көчөлөрү) конуштарында, Озерное (№48 көлмө) айылында, Мурас-Ордо конушунда, Серпухов, Сельсовет, Тверь, Ильмень, Кубин, Сельпо, Мессарош, Волков, Троицк, Нарвская, Ленская көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
9:30-17:30 — Маяковский (Щербаковдон Васильевге чейин, Сеченов көчөлөрү) көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
9:30-18:00 — Герцен, Токтогул, Гоголь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Көк-Жар (Куйручук, Ой-Терскен, Тоң, Шабдан баатыр, Босого, Молдокулов, Жеңижок көчөлөрү, Конорчок тар көчөсү) конушунда;
13:00-17:00 — Термечиков, Лев Толстой көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө.
Адамдар Бишкектин Арча-Бешик конушундагы суу ташыгычтан суу алып жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу берүүнүн июлга карата графиги
Жаңылыктар түрмөгү
0