Чүй облустук ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор, хирург Эрнст Акрамов. Архивдик сүрөт
Профессор, хирург Эрнст Акрамов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору учурда 87 жашта.
БИШКЕК, 11-июл. – Sputnik. Чүй облустук бириктирилген ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта Акрамовдун хирургиялык практика жана дарылоонун новатордук ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы зор экени белгиленген.
"Анын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү медицина тармагы үчүн үлгү", — дешти ведомстводон.
Профессор Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин, кийин КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 87 жаштагы медицина илимдеринин доктору азыр Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектеп келет.
Белгилүү хирург, профессор, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Эрнст Акрамов 86 жашка чыкты. Ажат ачкан алтын колдуу хирургдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0