Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турсуналиев: чечим чыгаруу процесстерине бардык этностор бирдей катышуусу керек

© SputnikМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бекжан Турсуналиев
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бекжан Турсуналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бекжан Турсуналиев "Кыргыз жараны" концепциясын жайылтуу иштери мектеп окуучуларынын арасында да жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Кыргыз жараны" концепциясынын негизги максаты — көп улуттуу кыргызстандыктардын ынтымагын бекемдөө. Долбоор өлкөдө жашап жаткан башка этносторду ассимиляциялоо эмес, интеграциялоону көздөйт. Бул тууралуу Бекжан Турсуналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Турсуналиев: чечим чыгаруу процесстерине бардык этностор бирдей катышуусу керек
Анын айтымында, аталган концепцияны жайылтуу иштери мектеп окуучулары, диний уюмдар, мамлекеттик кызматкерлер арасында жигердүү жүрүп жатат.
"Кыргыз жараны" концепциясы кыска убакытта эле аткарылып калчу долбоорлордон эмес. Ал бир нече баскычтан турат. Жазылып чыкканына үч жыл болуп калды, азыркы учурда кыргызстандыктардын аталган долбоор боюнча кабары болуп, негизги максатын түшүнүп калышты. Аталган концепция өзүнө беш багытты камтыйт. Алардын бири — өлкөдө башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине башка этностордун өкүлдөрүн тартуу. Өлкө тагдырын, келечегин чече турган маселелерде республикада жашаган бардык этностор катышуусу керек", — деди Турсуналиев.
Жаңылыктар түрмөгү
0