Бишкекте мектептин аймагында асылып калган мугалимдин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКол. Архивдик сүрөт
Кол. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
Окуя 5-июлда болгон, бирок ал тууралуу маалымат азыр чыгып жатат.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин биринде тепкичке туруп асынып калган бий мугалиминин сөөгү табылганын социалдык тармактарга жазышууда
Октябрь райондук милициясы ал 5-июлдагы окуя экенин билдирди. Бирок ал бүгүн гана маалым болду.
Тартип сакчылардын алдын ала берген маалыматына таянсак, 37 жаштагы киши өз жанын кыйган. Бирок денесинен кыйноонун издери табылган эмес. Аталган факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Бишкектеги төрөт үйүндө жерге түшүп кеткен ымыркай чуусу. Медиктер жазаланды
Жаңылыктар түрмөгү
0