Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Столтенберг Украинанын НАТОго кирүү процессин кыскартууну сунуштады

© AFP / LUDOVIC MARINНАТнНун башкы катчысы Йенс Столтенберг
НАТнНун башкы катчысы Йенс Столтенберг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
НАТО башчысы эртең Киевге "альянска кирүү жолунда күчтүү, позитивдүү жана бирдиктүү ишарат" жасала турганын айткан.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинанын альянска кошулуусу боюнча иш-аракеттердин планын алып салууну сунуштагандыгын, ал нерсе процессти кыскартууга мүмкүндүк берерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Мен Украинанын НАТОго жакындашы боюнча үч пунктудан турган планды сунуштадым. Бул көп жылдык колдоонун пакети, НАТО—Украина Кеңешин түзүү аркылуу саясий байланыштарды бекемдөө. Ошондой эле Украинага аткара турган мүчөлүк иштердин планын ишке ашыруу милдетин алып салуу процессти кыскартууга мүмкүнчүлүк берет”, — деген ал НАТО мамлекеттеринин Вильнюстагы саммитинин алдында.

Ал эртең Украина — НАТО саммити өтөрүн, анда Киевге "альянска кирүү жолунда күчтүү, позитивдүү жана бирдиктүү ишарат" жасала турганын айткан. Ал маселенин майда-чүйдөсүнө токтолгон жок.
Украина бийлиги НАТОго тездетилген тартипте кирүүнү талап кылып жатат. Киев саммитте каралган башка чечимдерге макул эместигин бир нече жолу билдирген. Анткен менен альянс мүчөлөрүнүн ичинде "согуш оту күйүп жаткан кезде" Украинаны катарына кабыл алуу боюнча консенсус жок. Мындай кадам алар үчүн Россия менен чатакташуунун башталышы дегенди билдирет.
Москвадан Киев режиминин альянска кирүүгө баш коюшу атайын операциянын башталышынын себептеринин бири экендигин, учурда кырдаалга дыкаттык менен көз салып турушканын айткан.
НАТОнун Вильнюстагы саммитине даярдык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: НАТО өлкөлөрү саммите Киевге эмне убада берерин аныктай албай жатышат
Жаңылыктар түрмөгү
0