Бишкектин кайсы көчөлөрүндө 14-июлда жарык өчөт? Тизме

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТерезедеги шам. Архивдик сүрөт
Терезедеги шам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
Энергетиктер бул күнү электр жабдууларын оңдоо, темир бетон таянычтарын алмаштыруу жана башка иштер менен алектенет.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Эртең, 14-июлда, борбор калаанын кээ бир райондорунда электр энергиясы өчүрүлөт. Бул туурасында Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
Жума күнү атайын бригада электр жабдууларын оңдоо, темир бетон таянычтарды алмаштыруу жана башка иштер менен алектенет.
Жарык өчө турган аймактар:
9:00дөн 12:00гө чейин — Дордой конушунун бир бөлүгү (№852,29,883,224 үйлөр жана Хмельницк, Эмгекчил, Ибраимова, Аул көчөлөрү), ошондой эле Кожевенный, Свободный 9, Аул 2 көчөлөрү;
9:00дөн 12:00гө чейин — Арча-Бешик конушунун бир бөлүгү (Ак-Таң, Ак-Кайың көчөлөрү);
9:00дөн 12:00гө чейин — Энесай конушунун бир бөлүгү (№14, Култегин, Энесай-17, Орхон), Дордой (Эмгекчил 7 көчөсү), Келечек жана Ак-Жар конуштары;
9:00дөн 13:45ке чейин — Сухомлинов №24 "А" үйү;
9:00дөн 16:00гө чейин — Орозбеков, Саадаев, Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилиши;
9:30дан 17:00гө чейин — Дордой-2 конушунун 3-4-5-көчөлөрү;
9:30дан 18:00гө чейин — Великолук, Кедровый, 8-март, Тула, Жетипалата, Грозный, Арык, Эркиндик, Бакин, Кисловодский жана Февраль тар көчөлөрү;
9:30дан 19:00гө чейин — Ала-Тоо конушунун бир бөлүгү (Замана, Терек-Сай, Беш-Тектир, Арча-Гүл, Маймак, Көк-Ой, Ташарык, Белмазар, Көк-Кыял, Кок-Талаа көчөлөрү).
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Быйыл да Токтогулда суу аз. Өкмөт азыртан электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0