Россиядан Кыргызстанга акча которуу азайды. Соңку статистика

© Sputnik / Владимир ТрефиловРубль монеталары графиктин фонунда. Архив
Рубль монеталары графиктин фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
Өткөн жылы өлкөгө сырттан келген каражат рекорддук көрсөткүчкө жетип, басымдуу бөлүгүн Россиядан кирген акча түзгөн.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу сезилээрлик деңгээлде азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу которулган каражаты тууралуу болуп жатат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрель айынан тарта Кыргызстанга келип түшкөн акча кескин көбөйгөн, тагыраагы, июль менен августта 300 миллион долларды (рекорддук көрсөткүч) түзгөн. Анын 90 пайыздан ашыгы Россиядан которулганы белгилүү болгон. Салыштыруу үчүн айтсак, өткөн жылдын алгачкы беш айында 1 миллиард 30,3 миллион доллар которулган (981 миллион доллары РФтен). Ал эми быйыл январь-майда дээрлик 798 миллион доллар (722,8 миллиону Россиядан) келип түшкөн.
Төмөндө Россиядан жыл башындагы беш айда которулган каражаттын суммасы жана кашаанын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүч берилди:
январь — 131,5 миллион доллар (40,4 миллион долларга аз);
февраль — 137,3 миллион (44,8 миллионго аз);
март — 151,7 миллион (12,1 миллионго көп);
апрель — 141,7 миллион (100,6 миллионго аз);
май — 160,5 миллион (85,1 миллионго аз).
Белгилей кетсек, каражат ар кандай валюта менен которулат, бирок доллар менен көрсөтүлгөн.
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Улуттук банк кечээ 43,6 млн. доллар сатты
Жаңылыктар түрмөгү
0