СССРдин Вильнюсту фашисттерден бошотушу. 79 жыл мурунку тарых

Жазылуу
Литванын ордо калаасын бошотуу ири масштабдуу "Багратион" операциясынын бир бөлүгү болчу.
Мындан туура 79 жыл мурун, тагыраагы, 1944-жылы 13-июль күнү советтик жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндө фашисттер ээлеп алган Вильнюс шаарын толугу менен бошотуп алган. "Багратион" операциясынын бир бөлүгү армия генералы Иван Черняховскийдин командачылыгы алдында 3-Беларусь фронтунун күчү менен ишке ашкан.
Немецтик күчтөр жетекчилигинен аягына чейин туруу буйругун алган эле, мындан улам калааны бошотуу оңой-олтоң иш болгон эмес.
Беш күнгө созулган камалоодон кийин 13-июль күнү саат беште Литванын борбору фашисттерден толугу менен тазаланган. Германиянын 7000дей жоокери менен офицери жок кылынып, 5000ден ашуун киши туткунга алынган.
Москва Вильнюс бошотуучуларын 324 куралдан атылган 24 артиллериялык залп менен тосуп алган.
Архивдик маалыматтарга ылайык, немецтик оккупациянын натыйжасында Литва 700 миң кишисинен айрылган. Анын 660 миңи советтик жарандар болсо, калганы Австрия, Бельгия, Голландия, Польша, Франция жана Чехословакиянын жарандары эле. Литванын он миңдеген тургуну кара жумушка айдалган.
Тема боюнча:
80 жыл мурдагы Курск салгылашуусу. Тагдыр чечкен согуштун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0