"Катюша" фашисттерди апкаарытып, советтик аскерлерди шыктандырган. Видео

Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда немецтик аскерлердин жүрөгүнүн үшүн алган "Катюша" реактивдүү артиллериясы биринчи ирет 1941-жылдын 14-июлунда "согуштук сапарга" чыккан.
СССРдеги биринчи мындай типтеги техника Кызыл армиянын колдонуусуна согуш башталардан бир күн мурда — 1941-жылы 21-июнда кабыл алынган.
Капитан Иван Флеровдун "Катюша" батареясы биринчи ирет Оршанын алдында фашисттерге чагылгандай тийген. Темир жол станциясында немецтер, күйүүчү май жана техника жүктөлгөн вагондор жок кылынган.
Бир залп 16 снаряддан турган, алар 8 470 метрлик аралыкка 7-10 секунддун ичинде атылган. "Катюшанын" добушу чыкканда фашисттердин шаштысы кетсе, курал советтик жоокерлерге кадимкидей дем-күч берип, сыймыктанууну жараткан. Муну согушка катышкан ардагерлердин да кийинки жай турмушта эскерген учурлары бар.
Согуш жылдарында 10 000 "Катюша" чыгарылып, 4 миллион снаряд фашисттик баскынчыларды көздөй атылган.
Тема боюнча:
СССРдин Вильнюсту фашисттерден бошотушу. 79 жыл мурунку тарых
Жаңылыктар түрмөгү
0