Сууга чөккөн кишиге алгачкы жардамды кантип көрсөтөбүз? Адистин кеңеши

Жазылуу
Алгач адамды суудан алып чыккан соң дем алуусу бар-жогун 10 секунддай тыңшоо зарыл.
Жайдын келиши менен сууга чөккөндөрдүн саны көбөйдү. Айрымдар агын сууга агып кетсе, башкалары көлгө, бассейнге чөгүшөт. Sputnik Кыргызстан Кызыл Ай жана Кызыл чырым коомунун адистеринин жардамы менен сууга тумчуккан адамга кантип биринчи жардам көрсөтүлүшү керектигин айтып берет.
Адистин айтымында, алгач адамды суудан алып чыккан соң дем алуусу бар-жогун 10 секунддай тыңшайбыз. Жок болсо, беш ирет жасалма жол менен дем алдырууга аракет кылабыз. Ал дагы жардам бербесе 30/2 ыкмасына өтөбүз. Анда жүрөк тушту 30 жолу басып, эки жолу жасалма дем алдыруу кылабыз. Бул ыкма адам эсине келгиче жасалышы кажет.
Адамдын оозунда дем алууга тоскоол болуп жаткан кусундунун калдыгы же дагы башка нерселер болсо, тазалап сал;
Эгер дем алуу жолдорун тазалоо жана өпкөнү желдетүү иштери суу ичинде ийгиликтүү жасаларына көзүңүз жетпесе, анын денесинде жарааты болсо дагы тез арада суудан алып чыгуу зарыл;
Жабырлануучунун жүрөгү токтоп калган учурда жүрөккө массаж жасаганга чейин эле өпкөнү жасалма жол менен желдетип турушуңуз керек;
Эгер жабырлануучу эсин жоготуп койсо, аны транспортко салууда же жардам көрсөтүү маалында капталынан жаткырган оң. Жанындагы адам өпкөдөн суунун чыгып кетишине жардам кылып башын жөлөп, көкүрөк, жүрөк тушун бир нерсе басып турбашына көз салып туруу зарыл;
Суунун ичинде жүрөккө массаж жасоого мүмкүн болбойт, бирок адамды катуу тактага жаткырып, жээкке алып бараткан учурда укалап турса болот.
Эскертүү: Жогорудагы кеңештердин кайсы бири туура эмес аткарылып, жардамы тийбей калган учурга Кызыл Ай жана Кызыл чырым коомунун адистери менен Sputnik Кыргызстан агенттиги жоопкер эмес.
Тема боюнча:
Сууга чөгүп бараткан адам үч эсе күчтүү болот. ӨКМ куткаруу ыкмаларын көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0