Ысык-Көлдүн Кызыл-Туу айылында эл аралык сынак-фестиваль өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үйдү орнотуу учурундагы адам. Архив
Боз үйдү орнотуу учурундагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Жазылуу
Фестиваль жети багыт боюнча өткөрүлөт, катышуучулар 14-июлга чейин катталуусу шарт.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 15-16-июль күндөрү "Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы" аталышындагы эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.
Фестиваль боз үй жасоодогу салттуу билимдерди, кол өнөрчүлүктү жайылтуу, туристтик потенциалды жогорулатуу, аймактар арасындагы байланыштарды бекемдөө максатын көздөйт. Ошондой эле жаш чеберлерди көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүгө кызыктырууга багытталган.
Маданий бөлүк катары концерттик программа жана төкмө акындар арасында "Боз үй мурас бабалардан" аталышындагы акындардын сынагы болот.
Фестиваль жети багыт боюнча өткөрүлөт:
Кан боз үй;
Алты канат боз үй;
Тарыхый жасалгалуу боз үй;
Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү;
Шамдагай – кыз келиндер арасында боз үйдү тез чечүү;
Тал аарчуу;
Чий согуу.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук маданий борбору, Тоң райондук акимчилиги, Ак-Терек айыл өкмөтү, Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши, Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Сынакка түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү, облус жана шаарлардын кол өнөрчүлөрү, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген тараптар жана башка каалоочулар катыша алат. Бул үчүн 14-июль саат 18:00гө чейин шилтеме аркылуу кирип катталуусу шарт. Байланыш үчүн: е-mail: tolosunb@gmail.com, +996 700 411 011, +996 700 394 041.
Фестиваль Кыргыз шырдак XIII в Нарыне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Мыкты уздардын эмгектери Нарындагы шырдак фестивалында көрсөтүлүүдө. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0