Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Таштанды үчүн келген квитанциялар электрондоштурулат

© Sputnik / Асел Акмат"Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев
Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев таштандыга келчү квитанциялар электрондук форматка өтүп жаткандыгын айтты.
Таштанды квитанцияларын атайын тиркеме иштеп чыгып электрондук вариантка өткөрүүдөбүз. Сынамык иретинде Мурас-Ордо жаңы конушун алдык. Бул тууралуу Рамиз Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Таштанды үчүн келген квитанциялар электрондоштурулат
Анын айтымында, аталган тиркеме жалпы шаардыктар үчүн жакынкы күндөрү жеткиликтүү болуп калат.
"Кагаз квитанциялардан баш тарта турган мезгил келип жетти. Ал бир четинен ыңгайсыз болсо, экинчиден, ашыкча чыгым алып келет. Андыктан биз тиркеме иштеп чыгып, Биринчи май районунда жайгашкан Мурас-Ордо жаңы конушуна сынамык иретинде киргиздик. Бул айдын квитанцияларын алар электрондук форматта алышты. Ал эми жалпы шаардыктар үчүн бир аз күндөн кийин жеткиликтүү болот. Башында кагаз квитанциялар да чыгарыла берет, эл толук көнгөн соң электрондук гана түрү иштеп калат", — деди Алиев.
Ал тиркеме менен карыялардын да колдонуусу эске алынарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0