Аляска жээгинде жер катуу силкинип, цунами кооптуулугу жаралды

© Sputnik / Татьяна Лукьянова / Медиабанкка өтүүАлясканын жээги. Архивдик сүрөт
Алясканын жээги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2023
Жазылуу
Жабырлангандар жана кыйроолор тууралуу маалыматтар түшкөн жок.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Аляска штатынын жээгинде магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болгонун РИА Новости АКШнын Геологиялык кызматына таянып билдирди.
Жер алардын сааты менен алганда 6:48де, эртең менен силкинген. Анын эпиборбору Санд-Пойнт шаарынан 106 чакырым түштүккө карай кеткен аралыкта экени айтылды. Очогу 9 чакырым тереңдикте болгон.
Жабырлангандар жана кыйроолор тууралуу маалыматтар түшкөн эмес. АКШнын Метеорология боюнча улуттук кызматы цунами кооптуулугу бар экендигин эскертти.
Стамбул шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Сейсмологдор Түркияда ири жер титирөө болушу мүмкүн экенин боолголошууда
Жаңылыктар түрмөгү
0