Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Бир катар европалыктар Киевди колдогондорго каршы. Изилдөө

© AFP / JOHN MACDOUGALLЕвропа биримдиги жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт
Европа биримдиги жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2023
Жазылуу
Респонденттер Украинанын Европа биримдигине кошулушун да жактырбай турганын билдиришкен.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жашоочулары Владимир Зеленскийдин жасап жаткан кадамдарынан жана Украинага аскердик техникаларды жеткирүүнү каржылоо туура экенинен олуттуу түрдө шек санайт. Бул тууралуу РИА Новости Financial Times басылмасына таянуу менен жазды.
Анда жакында эле америкалык Pew Research Center изилдөө борбору жана Eurobarometer европа кызматы жүргүзгөн изилдөөсү жарыяланганы айтылат.
Pew Research Center борборунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында, “Зеленский эл аралык иштер боюнча туура кадам жасап жатканына ишенесизби?” деген суроого Венгриядагы респонденттердин 11 пайызы, Грецияда 28 пайызы, Италияда 38 пайызы гана “ооба” деп жооп берген.
Ал эми июнь айында жүргүзгөн Eurobarometer изилдөө кызматынын сурамжылоосунда Австрияда, Болгарияда, Кипрде, Чехияда, Грецияда, Венгрияда жана Словакияда Киевди колдогондор аз экени айкын болгон. Бир гана Чехиядан башкасынын баарында сурамжылоого катышкандардын 50 пайыздан ашыгы Украинаны каржылоого жана курал-жарак берүүгө каршы экенин айткан. Мындан сырткары, респонденттер Украинанын Европа биримдигине кошулушун жактырбай турганын билдирген.
Сурамжылоого катышкан адамдардын саны тууралуу маалымат берилген эмес.
Протоколдун мүчөсү НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында Украинанын желегин орнотуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: НАТО Киевди болушунча колдой турганын жар салат
Жаңылыктар түрмөгү
0