Кыргызстандын курама командасынын эки оюнчусу жергиликтүү клубга өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖарым коргоочу футболчу Кайрат Жыргалбек уулу. Архивдик сүрөт
Жарым коргоочу футболчу Кайрат Жыргалбек уулу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Эки спортчу тең тажрыйбалуу, Кыргызстандын намысын бир нече ирет талашкан футболчулар.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук курама командасынын чет жакта ойноп жүргөн футболчулары Эрнист Батырканов менен Кайрат Жыргалбек уулу Канттын "Абдыш-Ата" клубуна өтүштү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлады.
"Абдыш-Ата" Кыргызстандын премьер-лигасынын учурдагы чемпиону жана өлкө кубогунун ээси. Өткөн сезондо команда 18 ирет жеңип, үч сапар утулуп, алты жолу тең чыккан. Азыр "Абдыш-Ата" август айында болуучу АФК-2023 кубогуна даярданып жатат.
Эрнист Батырканов чабуулчу. Ал буга чейин малайзиялык "Келантан Юнайтед" клубунда ойноп, бул сезондо 11 беттешке катышкан. Кыргызстандын курама комадасы үчүн 22 ирет ойногон, дебюттук оюну 2018-жылы Палестина спортчулары менен беттеште болгон.
Жарым коргоочу Кайрат Жыргалбек уулу Казакстандын "Аксу" командасында намыс талашып жүргөн. 2018-жылы Кыргызстандагы эң мыкты футболчу деп таанылган. Кыргызстандын курама командасы үчүн 61 ирет намыс талашкан рекордчу. Үч ирет гол киргизген. Курама командадагы тушоосу 2013-жылдын 6-сентябрында Беларусь командасына каршы оюнда кесилген.
Кыргызстандык футболчулар машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Кыргызстандын футболчулары жайкы машыгууларын Болгарияда өткөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0