Коркунуч өтө жакындаганда. Эс алгандардын үрөйүн учурган акуланын видеосу

Жазылуу
Жырткыч балык жээкке бир нече метр жакындап келип сууга түшүп жаткандарды кургакты көздөй качууга аргасыз кылган.
Флорида аймагындагы пляждардын биринде элдин үрөйүн учурган агрессивдүү акуланы видеого тартып алышкан.
Кыздар дароо жээкке чуркап чыгып, ал эми карап тургандар сууда калган башка эс алуучулар үчүн тынчсызданып, алардын эртерээк чыгышын айтып, кыйкыра баштаган. Эгерде деңиздин ичиндеги балыкка алаксыбаганда калбаганда, кургакка чыкканга али үлгүрө электер эмне болот эле эч ким айта албайт эле.
Жырткыч балыкты элдин кыйкырып, чуу салганы да токтото алган эмес. Акуланын агрессивдүү мындай кадамга эмне түрткөнү да белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0