Тарыхта мааниси зор Сталинград салгылашы кантип башталган? Видео

Жазылуу
1942-жылдын 17-июлунда Улуу Ата Мекендик согуштун түп-тамырынан бери өзгөрүшүнө негиз болгон Сталинград салгылашы башталган. Бул шаарда 200 күн менен түн тыным албай, кан-жанды аябаган кармаш жүргөн.
Немецтердин алдыңкы бөлүгү менен беттеш шаарга алыс өтмөктөрдө, Дондун бурулушунда башталган. Сталинграддын айланасында коргонуучу курулуштар түптөлгөн. Баары түп көтөрүлө чыгып, шаардыктардан турган элдик кошуундар батальону түптөлгөн.
125 күн-түнү стратегиялык коргонуу операциялары жүргүзүлүп, 1942-жылдын 19-ноябрында гана Кызыл армиячылар чабуулга өткөн. Сталинград салгылашы 1943-жылы 2-февралда фашисттердин капитуляциясы менен аягына чыккан.
Бул согушта Германия жана анын тарапташтары жарым миллионго жакын адамынан ажыраган. Кыргызстандыктар CCCРдин башка эли сыяктуу эле Сталинград салгылашында өздөрүнүн салымын өлчөөсүз кошкон. Бул апаатта кыргызстандык 10 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда, аталган шаар үчүн 2 200 кыргызстандык өмүрүн арнаган. 1942-жылы Кызыл армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге "Советтик Кыргызстан" танк колоннасы берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0