Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө альвеококкоз, эхинококкоздон улам жылына миңдей адам операция болот

© Sputnik / Асель СыдыковаОоруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жогорку категориядагы дарыгери, паразитолог Жумагүл Усубалиева
Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жогорку категориядагы дарыгери, паразитолог Жумагүл Усубалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жогорку категориядагы дарыгери, паразитолог Жумагүл Усубалиева альвеококкоз, эхинококкоздун алдын алуу чаралары боюнча айтып берди.
Кыргызстанда жылына альвеококкоз, эхинококкоз илдетинен улам 1000ге чукул адам операция болот. Өкүнүчтүүсү, анын 20-22 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Жумагүл Усубалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө альвеококкоз, эхинококкоздон улам жылына миңдей адам операция болот
Анын айтымында, дарттын тарашынын себеби санитардык жана профилактикалык чаралар убагында көрүлбөгөндүктөн болууда.
"Альвеококкоз, эхинококкоз сыяктуу мите оорулардын алдын алуу абдан маанилүү. Анткени бул илдеттер майып кылып жана өлүмгө кептейт. Ооруну кайдан, качан жуктурганы дароо билинбейт. Себеби дарт адамдын иммунитети алсыраганда гана баш көтөрөт. Тасма курттарды таратуучулар — чөө, түлкү, карышкыр, үй иттери жана айрым учурда мышыктар. Союз учурунда иттерди өз учурунда дарылашса, азыр муну адамдар мажбурлаган эмес ыктыярдуу түрдө жасап, мындан улам оорунун таралышына шарт түзүлдү. Альвеококкоз – тасма курттун бир түрү козгогон илдет. Альвеококк иттердин гана ашказанында өсүп, көбөйөт. Аларга көбүнчө ооруган кемирүүчүлөрдөн жугат. Бул дарт адамдын боорунда кездешет, кээде боордон башка жакка (мээге, жүрөккө, өпкөгө) да тарап кетет. Адам альвеококкоз инфекциясын жаныбарлар менен аралашып жүргөндө, ошондой эле булганган мөмө-жемиштер, жашылчалар жана суу аркылуу жуктурат. Ашказанга түшкөн жумурткадан курт өсүп чыгып, кан тамырлар аркылуу бардык органдарга тарайт. Ал хирургиялык жол менен, ошондой эле организмди дегельминтизациялоого багытталган химиялык препараттарды кабыл алуу менен дарыланат. Бейтап көп учурда дары-дармекти ичпей коюп, оору күчөп кеткен учурлар арбын. Бул мите курттардан сактануу үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактоо, ит жана башка жаныбарларды кармагандан кийин колду самындап жуу, үй иттерин квартал сайын дегельминтизациялоо керек. Жашылча, мөмө-жемиштерди жакшылап жууп, иттерге союлган малдын ичеги-карындарын (боор, бөйрөк ж.б.) бербөө жана жолбун иттерди көзөмөлдөө зарыл", — деди Усубалиева.
Ал акыркы ирет эпидемиологиялык кырдаал оор аймак болгон Алай, Кочкор, Түп, Ак-Суу райондорунда изилдөө жүргүзүп, мектеп окуучуларын УЗИден өткөргөндө 1 256 баланын 218и альвеококкоз, эхинококкозго күмөн саналганын (операциядан өткөндө гана бейтап ооруду деп саналат) кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0