Жапаров: кыргыздар өлгүдөй жалкообуз, Ак үйдү курууга Дубайдан жумушчулар келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Мамлекет башчынын айтымында, башында курулушчу 500гө чукул кыргызстандыкты алса, алар иштебей кетип кала берип жумушту артка тарткан.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргыздар өлө жалкоо калкпыз, муну азыр өзүм көрүп жатам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жолду куруу үчүн алынган техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.
Ал элдин жалкоолугу тууралуу бир анекдот айтып берген.
"Чет өлкөлүктөр айылды аралап баратса беш-алты бала жумушсуз турат дейт. Саясаттан укмуш сүйлөп жаткан экен. "Эмне турасыңар, иштебейсиңерби?" десе "жумуш жок" дептир. "Тетиги жерде завод, фабрикада жүздөн ашуун орун бар, жумушчуларды издеп жүрөт го" десе, "ал жакка барсаң иштеш керек да" дептир. Ушундай анекдоттордун баары турмуштан алынат. Биз, кыргыздар, өлгүдөй жалкоо калкпыз. Мен муну азыр өзүмдүн жон терим менен сезип жатам", — деди Жапаров.
Мындан улам ал бир мисал келтирип, жаңы Ак үйдү курууга жумушчуларды таппай, Асман шаарын куруу үчүн Дубайдан келген жумушчуларды чакырышканын белгиледи.
"Жаңы өкмөт үйүн куруп атабыз, сентябрда бүткөрөбүз деген планыбыз бар эле. Октябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт, 12 президент келет. Аларды жаңы өкмөт үйүнөн тосууну пландаганбыз. 500гө жакын кыргыз жигиттерибиз иштеп жаткан. Эми аман эле бололу, бир күндө 8 саат иштеш керек болсо, 5 эле саат иштейт. Бир саат тамактанат, бир саат телефон чукуйт, бир саат тамеки чегип отурат. Ишембиге чейин иштеш керек болсо, ишемби, жекшемби, дүйшөмбүдө да келбей коёт. Чет өлкөлүктөр бир күндө бүтүргөн ишти, биздин кыргыздар бир жумада дагы бүтүрө албай жатабыз. Айлабыз кетип жакында Дубайдан учуп келген 800гө жакын жумушчуларды Бишкекке токтотуп калдык. "Бизге жардам берип сентябрга чейин бүткөрүп, анан Асман шаарын курганы кеткиле" деп алып калдык. Кыргыздардын жалкоолугу ушундай", — деди президент.
Мамлекет башчынын айтымында, кыргызстандыктар "жумуш орундары жок" дейт, орундар болуп жатса да барбайт. Барса да "иш оор экен" деп кетип калат. Оор болсо ошончолук көп эмгек акы төлөп берип жатат.
Фабрикада иштеген тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Байсалов: өлкөдө тигүүчүлөр жетишпей Непал, Бангладеш, Пакистандан алып келишүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0