КМШ өлкөлөрүн мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
12-13-октябрда Кыргызстандын борбор калаасында саммит өтөт. Ага КМШ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.

Садыр Жапаров: сентябрда жаңы Ак үйдү бүтүрүп, саммит өткөрүүнү пландап жатабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик администрациянын жаңы имаратынын эскизи
Президенттик администрациянын жаңы имаратынын эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Октябрь айында жаңы резиденцияда 12 президент катышкан саммит өтөрү айтылды.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкектин түштүк-батыш тарабында салынып жаткан жаңы Ак үйдү ушул жылдын сентябрь айында куруп бүткөрүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жол куруу үчүн алынган техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.
"Жаңы өкмөт үйүн сентябрда бүткөрөбүз деген планыбыз бар. Октябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп, 12 президент келет. Аларды жаңы өкмөт үйүнөн тосууну пландаганбыз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасын бузуп, ордуна президенттик администрациянын имараты салынары айтылган. Анын курулушуна былтыр апрелде президент капсула салган. Имараттын жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзөт. Ак үйдүн жанына административдик комплекс дагы салынып, ага бүт министрликтер жайгаштырылары айтылган.
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Ысык-Көл мейманканасы жайгашкан жерде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Бир тыйын кетпейт! Садыр Жапаров жаңы "Ак үйдүн" курулушу боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0