Кыргызстанда аскердик кызмат өтөөнүн жана келишимдин мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Владислав НогайЖүрүш учурунда аскерлер. Архив
Жүрүш учурунда аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Бул демилгени Коргоо министрлигинин сунушу менен министрлер кабинети көтөргөн.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров муктаждык жаралса, аскердик кызмат өтөөнүн жана аскердик келишимдин мөөнөтүн узартуу мыйзам долбооруна кол койду.
Ага ылайык, жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга узартылат. Ошондой эле жоокерлерди белгиленген мөөнөттөн эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берилет.
Аталган мыйзамды 2023-жылдын 7-июнунда Жогорку Кеңеш кабыл алган.
Бул демилгени министрлер кабинети көтөргөн. Коргоо министрлиги муктаждык жаралган учурда аскерди 14 айга чейин алып калууга укук берүүнү сураган. Себебин биринчи чакырылыштагылар кетип, кийинкиси толукталып, даярдалганга чейин көп убакыт кетип калары менен байланыштырган.
Ал эми тартыш болгон адистерди кармап туруу үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу сунушталган.
"Учурда аскердик окуу жайды бүтүп келгенден кийин беш жылга келишим түзүлөт. Андан кийин ыктыярдуу түрдө үч жылга улантса болот. Бизге керектүү адистер ошол келишимин узартпай туруп кетип калган учурлар болуп жатат. Ошого байланыштуу 10 жылга милдеттүү түрдө келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Жаш кадрлар бизде токтобой кетип калууда", — деп айткан коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов.
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Лейлек районуна аскер лицейин ачуу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0