Британияда россиялык танкаларды жашыруун лабораторияда изилдеп жатышат

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРФ Куралдуу Күчтөрүнүн Т-80 танкы. Архив
РФ Куралдуу Күчтөрүнүн Т-80 танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Аскердик машиналардын жөндөмдүүлүгүн жана аны кантип талкаласа болорун билүүгө аракет кылып жаткандыктары айтылды.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Улуу Британия россиялык танкаларды жашыруун лабораторияда изилдеп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргонуу штабынын начальниги, адмирал Тони Радакин Telegraph басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, эң жашыруун делген объектилердин биринде — Портон Даундагы лабораторияда талкаланган аскердик машиналардын тетиктерин чачып карап жатышат.
"Бизде башка өлкөлөр ээлик кылган деталдарды чыныгы эксперттик деңгээлде изилдей ала турган окумуштуулар бар. Бул бизге алардын жабдууларынын кандай иштээрин, кантип аны жеңерибизди, кантип андан дагы бекем ок өтпөс техникаларды жабдууга жетишүүбүзгө, алардын коммуникациясын кантип бузууну, коргонуусун жарып кирүүгө керектелүүчү нерселерди түшүнүүгө жардам берет. Ушундай иштер менен алектенип жатабыз", — деп айткан Коргонуу штабынын начальниги.
Ошондой эле Радакин Улуу Британия Россиянын жана башка өлкөлөрдүн "келечекке олуттуу коркунуч жараткан" техникалары колуна түшүп калса, ал тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп турган "мамлекеттердин клубунда" бар экенин айткан.
Бахмут аймагында талкаланган танк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: чет элдик танкалар советтик танкаларга караганда жакшы күйөт
Жаңылыктар түрмөгү
0