Ош шаарында "Тарыхтан калган элестер" аттуу 17 айкел жасалууда. Видео

© Фото / Михаил ДудинОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Айкелдер Ош улуттук драма театрынын сол тарабына коюлат.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ош шаарында "Тарыхтан калган элестер" аттуу 17 айкел жасалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай жумуштарды Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган республикалык сынакта жеңишке ээ болгон айкелчилер жасап жатканы белгиленди. Анда тарыхтан 17 образ чагылдырылып, майрам күнү тартууланат.
Кыргыз элинин байыртан келе жаткан тарыхый-маданий мурасын жогорку чеберчилик менен чагылдырган айкелдер Ош шаарына эстеликке калтыруу, улут мурасын жана айкелчилердин эмгектерин даңазалоо максатында даярдалууда.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Нурийла Айдарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Радио
Ош шаарында таш симпозиуму өткөрүлөт. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0