Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чонтоев: калк арасында суу колдонуу маданиятын жогорулатуу зарыл

© Sputnik / Асел АкматУлуттук илимдер академиясынын "Суу проблемалары жана гидроэнергетика" институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын "Суу проблемалары жана гидроэнергетика" институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев өлкөдө суу керектөөчүлөргө бекер берилерин айтты.
Кыргызстанда сууга акча төлөп жатабыз деп ойлойбуз. Бул жаңылыш түшүнүк, бизде суу бекер, аны жеткирген кызматына гана белгиленген сумманы төлөп келебиз. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Чонтоев: калк арасында суу колдонуу маданиятын жогорулатуу зарыл
Анын айтымында, калк арасында таза сууну үнөмдүү пайдалануу маданиятын калыптандыруу зарыл.
"Мындан 1-2 жыл мурда "сууга тариф коюшубуз керек" деген пикириме, "сууну да сатабы" деп жаман көргөндөр болгон. Ооба, биз ичүүчү таза сууга төмөнкү бир тарифти коюшубуз керек. Бул ошол эле кошуналарга сууну товар катары сатууда негизги себеп болуп бере алат. Учурда айыл чарба багытында колдонулган сууга акы алынат, 1,5 жылдан бери кен казган өндүрүшчүлөр да төлөй баштады. Ал эми турмуш-тиричилигине биз сууну бекер алабыз, болгону ошону жеткирип берген кызмат акысы каралган. Мындан сырткары, таза сууну үнөмдүү пайдаланууга ар бир кыргызстандык маани бериши зарыл. Бизде эң жөнөкөйү эртең менен тиш жууш үчүн эле канча сууну агызып жиберебиз, керек эмес учурда деле бөлмөлөрдө жарык күйүп турат. Мунун баарына суу коройт да. Өлкөдө суунун 90 пайыздан ашыгын айыл чарба багытында колдонобуз. Мына ушул жерде да жоготуулар көп. Дарыялардан сугатка агып келген суулар максатсыз колдонулуп, бууга айланып, жерге сиңип жана башка себептер менен 40-60 пайызы текке кетет. Ирригацияны жолго салышыбыз керек. Тамчылатып сугаруу, себелеп сугаруу системаларын көбөйтүшүбүз зарыл", — деди Чонтоев.
Окумуштуу сууну үнөмдүү пайдаланууну кишиге кичинекей, бала кезинен үйрөтүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0