Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаӊы төрөлгөн ымыркай эмне үчүн саргаят?

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек шаарынын №9 Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова
Бишкек шаарынын №9 Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Бишкек шаарынын №9 Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова саргаюу жаңы төрөлгөн ымыркайларда кеңири таралган симптом экенин айтты.
Саргаюу – бул кандагы билирубиндин деңгээлинин көтөрүлүшү. Ал тери ткандарында топтолуп, сары түс берет. Айрыкча, ара төрөлгөн ымыркайларда көп кездешет. Өз убагында төрөлгөн бөбөктө бул көрүнүш байкалат. Бул тууралуу Диляра Искакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жаӊы төрөлгөн ымыркай эмне үчүн саргаят?
Анын айтымында, ымыркайда саргаюу бир нече күндөн соӊ, кээде бала төрөлгөндөн кийинки алгачкы сааттарда башталышы мүмкүн.
"Билирубин кандагы эритроциттер ажыраган учурда пайда болгон жана атайын ферменттердин катышуусу менен организмден бөлүнүп чыгуучу пигменттик зат. Бул процесс адамдын денесинде дайыма жүрүп турат. Ал эми жаңы төрөлгөн балада, анын бир катар физиологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам, билирубин көп бөлүнүп, сыртка жайыраак чыгат. Ымыркайдын канындагы гемоглобиндин деңгээли бир топ жогору. Натыйжада билирубин канга чогулуп, жаңы төрөлгөн баланын териси саргайып кетет. Көздүн агы да боёлуп калышы мүмкүн. Саргаюу ымыркай төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрү пайда болуп, терисинин түсүнүн өзгөрүшү көбүнчө 3-4-күнү байкалат. Анын пайда болуу себептерине жатын ичиндеги инфекциялардан улам кан агуулар, неонаталдык холестаз, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын заара чыгаруу жолдорунун инфекциясы, тукум кууган зат алмашуу оорулары, төрөт учурундагы жаракат, эндокриндик оорулар жана башка себептер кирет. Бир сутка өткөндө билирубиндин деңгээли бир кыйла өсөт. Буга наристенин биринчи заӊдоосунун кечигиши, ачка болуусу же денесинин муздашы себеп. Ошондуктан физиологиялык саргаюудан эмчек эмизүү менен гана арылса болот. Ууз сүт ымыркайдын ичин алып, билирубиндин организмден тезирээк чыгышына өбөлгө түзөт. Ата-эне физиологиялык саргаюудан тышкары патологиялык саргаюу да бар экенин эске алышы керек. Бул наристелерде эң кеңири таралган патология. Бул абал балага кесепетин тийгизет. Мындай саргаюу милдеттүү дарылоону талап кылат. Патологиялык саргаюу бала төрөлгөндөн кийин биринчи сааттарда билинет. Заара карарып, заңынын өңү өзгөрүп, аз кандуулук, терисинин бозомук болушу байкалат. Патологиялык саргаюу көбүнчө резус конфликтиден (эне менен баланын кан тобунун карама-каршылыгынан улам гемоглобиндин көбөйүшү) улам пайда болот. Физиологиялык саргаюу бөбөктүн ден соолугуна терс таасирин тийгизбейт. Бирок патологиялык саргаюунун кесепети олуттуу болушу мүмкүн. Кандагы билирубиндин өтө жогору деңгээли мээнин бузулушуна алып келет. Фототерапия бүгүнкү күндө бул абалды дарылоонун эң майнаптуу жолу болуп эсептелет", — деди Искакова.
Дарыгер саргаюуну алдын алуунун эң жакшы жолу — кош бойлуулукту пландоо, бала курсакта кезде эненин сергек жашоо образы, жаман адаттардан баш тартуусу, туура тамактануусу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0