Опузалоодон майнап чыкпайт. Эгин келишиминин тегерегиндеги жагдайга сереп

© AFP / YASIN AKGULУкраинадан дан жүктөрү менен келе жаткан Барбадос желеги астында Стамбул портунда "Норд Винд" кемеси текшерилүүдө.
Украинадан дан жүктөрү менен келе жаткан Барбадос желеги астында Стамбул портунда Норд Винд кемеси текшерилүүдө. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Жазылуу
Россия тарабынан эгин келишиминин токтотулушу Крым көпүрөсүндөгү терактыга туш келди, анткен менен эки окуяны байланыштыруунун кажети жок.
Буудай жаатында бир жыл мурда түзүлгөн макулдашуунун мөөнөтүн узартуудан Россия баш тартты. Эске салсак, бир нече ирет узартылган. Мындай чечим өткөн аптада Владимир Путин тарабынан кабыл алынып, өзү да коомчулукка анын себептерин түшүндүргөн. Анын айтымында, россиялык буудай менен жер семирткичтерди экспорттоо боюнча шарттар аткарылбай келет.
Келишимди узартуу, эми кайра калыптандырууга Режеп Тайип Эрдоган азыр да үмүт артууда. Түркия да Украина сымал бул келишимден пайда көрүп келгендердин баш сабында эле. Эмне үчүн Россия дал ушул учурда макулдашууну узартуудан баш тартты? Келишимди кайра калыптандырууга мүмкүнбү? Ушул суроолордун айланасында Петр Акопов ой калчаган. Анын учкай макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
БУУнун көмөгү менен түзүлгөн келишим "Россия азык-түлүктүн кымбатташына жооптуу, дегеле дүйнөнү ачка калтыргысы бар деген" Батыштын пропагандасына бөгөт коюшу керек эле. Андай айыптоолордон жөн арылууга мүмкүн эмес. Негизи эле глобалдык Түштүктүн өлкөлөрү чындап эле россиялык жана украиналык буудай экспортунан өтө көз каранды. Ошол себептен Москва дүйнөгө көйгөйдү түшүнүп турганын, чечүүгө даяр экенин көрсөтүү маанилүү болчу. Бирок бул бир тараптын иши эмес, эгер Батыш Россиянын айыл чарба экспортуна койгон бөгөттөрүн жойбосо, РФ аны акыйып күтө бербейт. Батыш өз милдеттенмелерин аткарса, макулдашуу кайра түзүлөт.
Дагы бир себеби – РФтин Түркия менен алакасы, Россия үчүн Режеп Эрдогандын кайра шайланышы маанилүү болчу. Ал кийинки мөөнөткө келген соң, макулдашууну узартуунун зарылдыгы калган жок. Түркия үчүн келишимдин чоң мааниге ээ экенине карабастан, Эрдоган россиялык ишканаларга салынган санкциялардын алынышына таасир эте албады. Ал Россия өз өлкөсү менен алакасы үчүн келишимдин мөөнөтүн узартарына ынанган шекилдүү. Эми түркиялык президент келерки айда Путин менен кезигип, келишимди кайра жандандырууга макулдашууга үмүттөнүүдө. Бирок Түркияны Батыштагыларды россиялык шарттарды аткарууга көндүрө алары арсар.
Түркия Россиянын макулдугусуз, эч бир келишимсиз украиналык буудайды ташуу уланарын айтып, опузалай алышы мүмкүнбү? Негизи түркиялык аскердик кемелер украиналык кемелерди Одессадан тарта коштой алат. Бирок андай көрүнүш Россия менен Түркиянын ортосундагы аскердик кагылышка кептеп коёру да мүмкүн, себеби НАТО өлкөлөрүнүн кемелери россиялык аскердик операциянын зонасына келишет.
Москва Украинадагы согуштук аракеттерге НАТО өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусуна жол берилбестигин бир нече ирет эскерткен. Кырдаалды кандай чайпалтышпасын, альянстагылардын эч бири жаңжалга түз катышууга даай албайт.
Мындай түркиялык вазийпанын гуманитардык мүнөзүн Анкарадагылар жакшы түшүнөт. Түркиялык президент бул үчүн аскердик жаңжалга тобокелдикке же эки өлкөнүн мамилесин бузууга (2015-жылдагыдай) барбайт. Ошондуктан Эрдоган Путин менен макулдашууну кайра жандандыруу жөнүндө сүйлөшүүгө аракет кылары бышык. Ал кезегинде Россия менен Батыштын соода жана логистикалык ортомчусу катарындагы өзгөчө пайдалуу абалын сактап, Батыш менен ири соодалашуунун жаңы айлампасындагы (НАТОго Швецияны кабылдоо жөнүндөгү маселенин тегерегиндеги) өз ролун күчөтүүгө тырышат.
Россия да экономикадан геосаясатка, газ түтүктөрүнөн Сирияга чейинки темалары терең чырмалышкан Түркия менен татаал, ошол эле учурда өзүнө зарыл оюнду улантпай койбойт.
Бирок келишимдин азыркы абалы Украинага карата РФтин пландарына эч кандай тиешеси жок. Атайын аскердик операция анын негизги милдети аткарылмайынча, атап айтканда, Россияга каршы маанайы жана батышчыл бийлиги өзгөрмөйүнчө улана берет. Одессадан кайсы бир убакта украиналык буудай жүктөлгөн кемелер сүзүп чыгып-чыкпашы бул багытта Украинанын тагдырына эч кандай таасир этпейт. Аны эми келишим да, батыш куралдары да, түркиялык оюндар да сактап кала албайт.
Дан жүктөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Кремль: "Эгин келишими" токтотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0