100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр кандай ишканаларды ачты? Тизме

© Sputnik / Нургуль МаксутоваТигүүчү. Архивдик сүрөт
Тигүүчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Жазылуу
100 миң сомдон алгандардын басымдуу бөлүгү тигүү цехтерин ачкан.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери социалдык келишимдин алкагында өлкө боюнча 1 289 жаңы өндүрүш объектилери ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ага ылайык, үй-бүлөлөр мамлекеттен 100 миң сомдон алышкан. 2023-жылы мамлекет менен келишим түзгөн аз камсыз болгон 9 930 үй-бүлөнүн 13 пайызы чакан өндүрүш ачкан. Алар:
тигүү цехтери – 1 183;
темир-бетон буюмдарын, пескоблок, кирпич жана башкаларды чыгаруучу цехтер – 17;
эмерек жана пластик терезелерди чыгаруучу цех – 32;
самын жасоочу цех – 13;
чакан тегирмен – 2;
био жер семирткич жасагандар – 12 үй-бүлө;
кургатылган жемиш, курут, балмуздак жасагандар – 30 үй-бүлө.
Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Нарын шаарындагы Социалдык келишим долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алып иш баштаган үй-бүлөлөр менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Нарында "Социалдык келишим" долбоору менен 577 үй-бүлө ишкерликти баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0