Бишкекте маршрутканы сүзгөн жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу кармалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу автоунаанын айдоочусу. Архив
Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жазылуу
Кечээки жол кырсыктан бир киши каза болуп, 12 адам ооруканага түшкөн.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ак-Ордо-3 конушунда эл салып жаткан 169-маршрутканы артынан келип сүзгөн ири жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.
Адам өлүмүн алган бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Айдоочунун 32 жашта экени айтылды.
Эске салсак, кечээ, 19-июлда, Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчүлөрдү салып жаткан 169-маршрутканы SCANIA үлгүсүндөгү жүк ташуучу ири автоунаа артынан келип сүзгөн. Мунун кесепетинен бир киши көз жумуп, 23 адам ооруканага кайрылган. Алардын 12си дарылоо үчүн жаткырылган.
Айдоочу мурдараак саатына 30 чакырым менен келе жатканын айткан.
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Маевкада жөө адамдарды машина коюп кетти. Жеринен тартылган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0