Ташиев: экс-министр Кутманова 1 млрд. сомдук долбоорду туугандарына берип койгон

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова. Архив
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жазылуу
Атайын кызматтын башчысы министрлерди кызматтан кетсе да, артынан кууп жүрүп жазалай турганын эскертти.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Динара Кутманова Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп турганда миллиард сомдук долбоорлорду бала-чака, тууган уруктарына бөлүп берип койгон. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
"Кечээ эле араңарда отурган Кутманова деген эжекебиз бар эле. Анын министрлигине караштуу Жаратылышты коргоо фонду болгон. Ага Кумтөрдөн жылына дээрлик 4 миллион доллар которулуп турган. Акыркы 2,5 жылда 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн, 110дон ашуун долбоор иштетилген. Бүгүнкү күндө бир дагы долбоорунун эффектиси болгон жок. Миллиард сом акча жок. Жалаң баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, мурунку-кийинки туугандарынын баарын аралаштырып алган. Анын баары иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Эми жазасын алышат", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы жыйында отурган аткаминерлерге кайрылып, "эртең кызматтан кетип калсам билинбей калат" деп ойлосо жаңыларын айтып, ар биринин артынан кууп жүрүп жазалай турганын белгиледи. Мындан ары мамлекеттин бюджетине кол салган чиновник катуу жазаланарын эскертти.
Эскерте кетсек, Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп 2021-жылдын сентябрында дайындалып, быйыл мартта иштен кеткен.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Майда иштер бүтпөйт. А. Жапаров журналисттерди өлкөдөгү өнүгүүнү жазууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0