Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын аскердик операция: россиялык күчтөр үч багыттан чабуул коюуда

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАтайын аскердик операция учурунда БМ-21 "Град" ракеталык системасы
Атайын аскердик операция учурунда БМ-21 Град ракеталык системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жазылуу
Атайын аскердик операция аймагында россиялык күчтөрдүн тобу натолук бирдиктер менен куралданган украиналык армиянын таш-талканын чыгарууда.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу өздөрү күткөндөй болбой, тескерисинче, алар чегине баштады. АКШ менен НАТО "украиналык долбоорунун", өз эрежелерине негизделген дүйнө түзүмүнүн кыйрап баратканына чочулоо менен көз салып турганын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул сапар да россиялык атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн кеп учугун чубаган.
Украиналык армиянын контрчабуулунан майнап чыкпай турганы айдан ачык. Россиялык күчтөр Купянск, Лиман шаарлары жана Север территориялык аймагы жагынан чабуул коюп, Приднепровье менен Причерноморьеде аралаш сокку урууда. Ошентип, "Одессага ракеталык чабуул" эки суткага созулду.
Украиналык резервдин саны улам кемип, 12 бригададан алтысы гана калды. Танк бригадасынын жарымы да, бир нече операциялар, натолук ок-дарынын барган сайын ичкерип келе жаткан агымы да болгону менен атайын аскердик операция зонасындагы кырдаалга түк таасир эте албайт.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын маалыматына таянсак, Купянск жана Харьковдо чабуул коюу үчүн россиялык аскерлердин жүз миң колу, анын ичинде аба-десанттык күчтөрүнүн элиталык бөлүктөрү, 900дөн ашуун так, 555 артиллериялык тутум, 370 залптык октун реактивдүү системасы жана армиялык авиация топтолгон.
Экинчи тараптан Красный Лимандын четиндеги ыкчам кырдаал да Украина Куралдуу күчтөрү үчүн улам оорлошуп баратат. Бул жакта да украиналыктардын эсеби боюнча 60 миңдин тегерегиндеги россиялык жоокер жайгашкан. Арасында "Искандерлер" менен куралданган ракеталык бригада жана ири артиллериялык бөлүктөр бар экени айтылат.
Коркконго кош көрүнөр, бирок ушундай маалыматтар Батышта да бар, ал эми украиналык Кургактагы күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский Купянскидеги аскерлерди россиялык жоокерлер талкалоого, андан ары да тереңдөөгө умтулуп жатканын үстү жакка маалымдады. РФ Коргоо министрлиги да өз күчтөрү каршылаш тарабы көздөй бир жарым чакырымга жылганын тастыктады.
Вашингтондогулар Украина Куралдуу күчтөрү Россия армиясынын коргонуусун жиреп кире аларына ынанбай калды. Алар контрчабуулдун эки аптасында эле НАТО өлкөлөрү жабдыган ок өткөрбөс техниканын 20 пайызынан кол жууду.
Киевдик режимдин батыш кожоюндары "Россияны согуш талаасында жеңүү" туурасында мурдагыдай талкуулабай калышты. Тескерисинче, кыжырдануу менен колундагы ресурстарын (дүрмөттөрүн) санап, Украинанын өзү сакталып калабы деп тынчсызданып турушат.
16-июлда россиялык "Искандерлер" Харьковдо Украина Куралдуу күчтөрүнө Батыш тарабынан берилген Leopard танктарын, Bradley пехота унаасын, М113 БТРлерин жана башка миллиондогон долларлык мүлктөрүн таамай талкалашты.
Як-130 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык Аскер-космостук күчтөрү Як-130дун партиясын алды. Учакка мүнөздөмө
Россиялык күчтөрдүн тобу бир нече аптадан бери Красный Лиман жана Купянск багыттарында чабуул коюуда. Масштабы жана маңызы жагынан булар Харьковду бошотуу операциясына окшоп кетет.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн Украинанын Одесса жана Николаевдеги аскердик объектилерине урулган топтоштурулган соккулары атайын аскердик операциянын стратегиялык максат, милдеттери өзгөрүлбөстүгүн айгинелейт. Россиянын "эгин келишиминен" чыгып кетиши да Кара деңиз флотунун ыкчам эркиндигин арттырды. Жакын арада аталган үч багыттын Россияга кайтарылышы РФ улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына толук жооп берет. Ошондуктан бул чектердин ордун АКШ менен НАТОго мүчө өлкөлөр менен түзүлгөн тынчтык келишимдери да толуктай албайт.
Ошол эле учурда Вашингтон Москва менен прокси согушун улантууну көздөйт. Ал эми Кошмо Штаттардын европалык союздаштары "Россияга каршы кысым" зарыл экенине дале ишенет. "Акыркы украиналык калганча күрөш" деген саясаты "АКШнын эң мыкты инвестициясы" экенинде шек жок.
Пентагондогулардын баамында, украиналык армиянын колунда "ийгиликтүү чабуул" үчүн зарыл нерселердин баары бар. Болгону батыш куралдары жана мобилизациялык резерв түгөнгүчө туура стратегияны табууга тийиш.
Израилдик "Моссад" атайын кызматы Украина Куралдуу күчтөрү 2023-жылдын биринчи айына чейин 157 миң жоокеринен ажырап, 234 миңи аскери жарадар болуп, 17 миңден ашуун жоокер жана офицери туткунга түшкөнүн кабарлаган.
Артемовскини бошотулгандан бери жарым жыл жана украиналык контрчабуул башталгандан тарта кырк күндүн ичинде бул көрсөткүч эки эселенгенин да болжоого болот. Украиналык аскерге жарамдуу катмардын 20 пайызы гана өз ыктыяры менен курал кармоого даяр.
Америкалык "укмуштай куралдар" тизмесинен Украина Куралдуу күчтөрүнө азырынча Abrams танктары, ATACMS ыкчам-тактикалык ракета жана F-16 истребителдери берилген. АКШ армия штаб жетекчилеринин комитет башчысы Марк Милли кечээ Украина Куралдуу күчтөрү истребителдер жагынан Россия Аба-космостук күчтөрүнө тең келиши үчүн бир топ жыл жана миллиарддаган доллар керектигин моюндады.
Киевдик режимге дагы америкалык F-16 (Fighting Falcon) жана "Абрамстардын" берилиши азырынча арсар, ал эми ATACMS ракеталары Пентагонго жакында Тайванда зарыл болушу ыктымал.
Эбегейсиз жоготуулар менен Запорожье багытында жана Крымга учкучсуз чабуулдарына карабастан АКШнын "украиналык долбоору" кыйраганы даана байкалууда. Россиялык курал-жарак өндүрүшү өнүгүп, ошол эле учурда Россия армиясынын аскердик дарамети жогорулап барат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Смерч залптык октун реактивдүү тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Украинаны кооптуу ок-дары менен жабдышына Россия кандай жооп берет? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0