УКМК: Батыштын санкциядагы товарларынын ташылышына кыргыз бийлигинин тиешеси жок

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМилиция кызматкерлери УКМКнын имаратын жанында. Архив
Милиция кызматкерлери УКМКнын имаратын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жазылуу
Санкциядагы товарларды Кыргызстан аркылуу ташып жаткан жеке компанияларды аныктоо иштери башталганын кабарлады.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. УКМК "АКШ Россияга санкцияланган товарларды жеткирүүнү токтотуу үчүн Кыргызстанга карата санкция киргизиши мүмкүн" деген маалымат боюнча үн катты.
Атайын кызмат АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Россияга киргизген санкциялык чектөөлөрүн бузууга кыргыз бийлигинин өзүнүн да, мамлекеттик түзүмдөрү менен компанияларынын да эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
"УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалардын өздөрүнүн ишкердик жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн алкагында продукциялардын акыркы керектөөчүсү же колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катышып калышы мүмкүн экендигин белгилейт. Атайын кызмат тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн мындай иш-аракеттерди жана ага тиешеси бар жеке компанияларды аныктап, токтотууга багытталган иликтөө иштери башталды. Кыргызстан жана анын мамлекеттик түзүмдөрү тиешелүү эл аралык нормаларды так сактап жатат", — деп жазылат мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Шаршемби күнү Washington Post Ак үй Кыргызстанды Россияга санкция салынган товарларды ташып кирүүсүн токтотууга мажбурлаш үчүн экономикалык чараларды даярдап жатканын жазды. Басылма кеп кандай чаралар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес. Маалыматта мындай кадамга америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкекке "айлап жасаган сапарларынын майнапсыз" болушу таасирин тийгизгендиги белгиленген.
Москвадагы Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Кремль АКШ КРге санкция салышы мүмкүн деген маалыматка комментарий берди
Жаңылыктар түрмөгү
0