Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Россиядан алынган 100 тоннага чукул үрөн кайда жумшалат? Түшүндүрмө

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЖайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин башкы адиси Нурлан Абатбеков
Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин башкы адиси Нурлан Абатбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жазылуу
Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин башкы адиси Нурлан Абатбеков өлкөдө 9 миллион 371 миң гектар жайыт бар экенин маалымдады.
Россиядан 100 тоннага чукул көп жылдык чөптүн алты түрүнүн үрөнү алып келинди. Алар деградация болгон жайыттарга себилет. Бул тууралуу Нурлан Абатбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Россиядан алынган 100 тоннага чукул үрөн кайда жумшалат? Түшүндүрмө
Анын айтымында, бул чөптөрдүн үрөндөрү өлкөнүн климатына ылайык келерин окумуштуулар бекемдеген.
"Малга тоюттун жарымы жайыттардан алынат. Соңку маалыматтар боюнча, малдын туягы көбөйгөнүнө байланыштуу миллион 800 миң гектар жайыт деградацияга учураган. Мониторингдин негизинде анын ичинен 240 460 гектар өтө деградацияланганы белгилүү болду. Аны калыбына келтирүү максатында 26 миллион 811 миң сомго Россиядан көп жылдык чөптүн алты түрүнүн 99,5 тонна көлөмдөгү үрөнү алып келинди. Мунун ичинен беш тоннасы өлкөдөгү үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө жумшалат. Үрөн чарбаларга таратылып, кийинки жылдан баштап айыл өкмөт, жайыт комитеттерге сатыла баштайт. Ал эми калган 94,5 тоннасы Мал чарба жана жайыт институтунун кызматкерлеринин жетекчилигинде деградация болгон жайыттардын 10 миң гектарына себилет. Башкача айтканда, үрөн айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратылат. Аны себүү, өстүрүү технологиясын окумуштуулар үйрөтөт. Ал эми калган 230 460 гектарды алдыдагы төрт жылда калыбына келтирүү максаты коюлду. Мындан тышкары, жайыттарга органикалык жер семирткичтерди пайдалануу жолго коюлмакчы", — деди Абатбеков.
Ошондой эле ал себилген үрөн өсүп чыкканча кам көрүү аймактардагы жергиликтүү бийликке жүктөлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0